КОРГОН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нунда. Талас ш-нан 45 км түш. тарапта, Талас Ала-Тоосунун түш. капта­лында, Узун-Акмат суусунун башында, деңиз деңг. 2400–2700 м бийикте жайгашкан. Кен жерг. элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казма­лардын орду кезигет. Кендин геол. маалымат­тары 1936-ж. белгилүү болуп, 1954–55-ж. чал­гындалган. Айланасында (3–5 км аралыкта) геол. түзүлүшү бирдей Чат-Карагай, Кеншанык, Кең-Төр, Коргоншанык кендери жайгашкан. Анын аймагын кембрийге чейинки ж-а алгач­кы палеозойдогу жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан кычкыл ж-а негиздүү интрузия­лар түзөт. Жанартоо чөкмөлөрү бүктөлүүгө учу­рап, түн.-батышка багытталган антиклиналдык томпок түзүлүштү пайда кылат. Кенде 28 кен­таш тулкусу табылган. Алар антиклиналдын ийилген жерине топтолуп, уз. 1360 м ири кен­таш аймагына айланган. Айрым кенташ тул­кусу бири-биринен 10–100 мге чейинки аралык­та жатат. Калыңдыгы 5–75 м, уз. 6–200 м. Ку­рамы б-ча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит-сфале­рит, пирротин-арсенопирит, карбонат-полиме­талл сыяктуу 5 топко бөлүнөт. Кенташта корго­шун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, ин­дий, галлий ж-а сейрек учуроочу элементтер бар.
Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен 1951– 54-ж. «Свинецразведка» трестинин Коргон руд­ниги тарабынан жер астынан казып алынган. Кирешелүү болбогондон кийин токтотулган.