КОПЕТДАГ
КОПЕТДАГ – Иран ж-а Түркмөнстандын аймагындагы тоо тармагы. Түркмөн-Харасан тоолорунун түн. бөлүгү. Иран тайпак тоосунун түн. четинде. Уз. 650 кмдей, туурасы 40 кмдей (түш.- чыгышында) 200 кмге (түн.-батышында) чейин. Эң бийик жери 3117 м (Ирандын аймагындагы Хезармесжед чокусу); Түркмөнстандын аймагында 2942 м (Ризе чокусу). К. Жер ортолук деңиздик геосинклиналь кырчоосунун орто бийик кырка тоолорунун тармагына кирет. Бири-бирине жарыш созулуп жаткан кырка тоолору, жалдары ж-а платолору узата ж-а туурасынан кеткен өрөөндөр м-н бөлүнгөн. Негизинен чөкмө тектерден (акиташ, мергель, кумдук, конгломерат, чопо) түзүлгөн. Карст процесси өөрчүгөн (Бахарден үңкүрү). Сымап, мышьяк, бариттин кендери бар; минералдуу жылуу булактар көп. Катуу жер титирөөлөр болуп турат (мис., 1948- жылкы Ашхабад жер титирөөсү). Жер ортолук деңиздик типтеги субтропиктик ж-а кургакчыл климат өкүм сүрөт. Дарыялары агымынын көп бөлүгүндө соолуп калат. Этегиндеги түздүктөрдү ж-а тоо этектерин шыбак-эфемерлүү чөл, капталдарынын 500 м бийиктеги бөлүгүн кыйгак чөп-жылгындуу жарым чөл ээлейт. 1500 м бийикке чейин дан өсүмдүктүү субтропик талаасы, андан өйдө ак кылкан-бетегелүү талаа, арча ж-а мисте өскөн сейрек токой мүнөздүү. Копетдаг, Сюит-Хасардаг коруктары (Түркмөнстан), Тандурек улуттук паркы (Иран) бар.