КООМДУК ИНСТИТУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМДУК ИНСТИТУ́Т – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып ж-а пайда болуп туруучу мамилелер. К. и. – иш-аракети конкреттүү коом­дук функцияларды аткарууга багытталган адам­дардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топ­тому. Мис.; үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, са­ламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук тур­муштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз ин-ттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экон. – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экон. чөйрөгө тиешелүү ин-ттар: з-д, ф-ка, банк, базар ж-а фирмалар; 2) социал­дык – ар кыл социалдык ж-а жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо б-ча ишмердик. Со­циалдык чөйрөгө караган ин-ттар: коммунал­дык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, бай­ланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом м-н мамлекет, мамлекет м-н саясий пар­тиялар ортосундагы мамилелер. Саясий систе­мага караштуу ин-ттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) ру­хий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, тар­катуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн ин-ттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театр­лар, музейлер.