КОНЦЕРТМЕЙСТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕРТМЕ́ЙСТЕР (немисче konzertmeister) – 1) аткаруучуларга (ырчыларга, аспапчыларга, балет артисттерине) партияларды үйрөнүүдө жардам берүүчү жана аларды концерттерде коштоочу пианист; 2) биринчи скрипкачы – опералык же симфониялык оркестрдин солисти; 3) симфониялык же опера­лык оркестрдин кылдуу аспаптар тобун жетек­теген музыкант.