КОНЦЕПЦИЯ
КОНЦЕ́ПЦИЯ (лат. conception – түшүнүү, система) – кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү же процессти түшүнүүнүн бир ыкмасы. К. ил., көркөм, тех., саясий ж. б. ишмердиктеги конструктивдүү принципти, негизги ойду белгилөө үчүн колдонулат. К-нын философия, теология ж-а илимде өзгөчөлүгү бар. Философияда концепциялык формада берилет, теологияда, эреже катары, «К.» терминин ага жакын «доктрина» (лат. окутуу, doctrina – окуу) термини м-н алмаштырат. «К.» термини окутуу, үйрөтүү, тарбиялоо маанисинде «догматтыкты» баса белгилөө максатында идеол. ж-а политол. дискурстарда да колдонулат (мис:, коммунисттик доктрина). Классикалык ил. дискурстарда К-ны «теория» м-н теңөө, окшоштуруу тенденциясы да бар, мында К. көбүнчө «толук эмес» теорияны түшүндүрөт. Бирок, илимде К. билимдин, өзгөчө социол.-гуманитардык билимдин (мис; социологиядагы социалдык алмашуу К-сы) өз алдынча формасы да боло алат. К-нын негизинде мыйзам актылары (мис., орто мектепте), билим берүүнүн мамл. стандарты, окуу программалары, китептери ж. б. жазылат.