КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР
КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР – 1) эл коргонуу үчүн колдонулган жай. Англия-бур согушу (1899–1902) мезгилинде лорд Китченер тарабынан түзгөн. Китченер өзү жүргүзгөн «жерди өрттөө саясатынан» бурлар, негизинен аялдар ж-а балдар сактанып, К. л-ге жашынууга аргасыз болгон. К. л. 2 түрдүү болгон: жумушчу лагерлери (туткундардан жумушчу командалар түзүлгөн) ж-а жок кылуу лагерлери. 1919-ж. Ленин падышалык Россиянын сүргүн системасын кеңейткен. 1930-ж. өзгөрүлгөн ат м-н ГУЛАГ (Түзөтүү эмгек лагеринин башкы башкармалыгы) түзүлгөн. Сталиндик репрессия убагында 15 млнго жакын адам ГУЛАГга камалып, алардын көбү оорудан ж-а ачкадан өлгөн же атылып кеткен; 2) н е м и с т и к - ф а ш и с т т и к К. л. Германияда 1933-ж. гитлерчилер бийликке келгенден кийин, фашисттик режимге каршы чыккандарды куугунтуктоо үчүн түзүлгөн. 1934-жылдан К. л-ди ССтин органдары башкарып ж-а коргоп турган. 1938–39-ж. К. л. системасы фаш. Германия басып алган өлкөлөрдө курулуп, ал өлкөлөрдүн элине каршы репрессия м-н геноциддин куралына айланган. Газ камералары ж-а крематорийлер м-н жабдууланган Бухенвальд, Заксенхаузен, Освенцим, Майданек, Треблинк ж. б. К. л-де СССР, Польша, Франция, Бельгия, Нидерланд, Чехословакия, Югославия, Румыния, Венгрия ж. б. өлкөлөрдүн 11 млндон ашуун жарандары жок кылынган. Учурда мурдагы К. л-дин аймактарында музейлер, эстеликтер тургузулуп, тирүү калган туткундардын жолугушуулары болуп турат.
Ад.: СС в действии. Документы о преступлениях СС. М., 1969.