КОНФУЦИЙЧИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФУЦИЙЧИЛИК – Байыркы Кытайда пайда болуп, анын рухий мад-тына, саясий турмушуна ж-а коомдук өнүгүүсүнө эки миң жылдан ашуун убакыт таасир тийгизген этикалык-саясий окуу. К-ти б. з. ч. 6-к-да Конфуций не­гиздеп, кийин анын шакирттери өнүктүргөн. Анын филос. окуусунда адамды сүйүү, моралдык дөөлөттөр, тарбия ж-а мамлекетти башкаруу чеберчилиги турат. К. архаикалык диний көз караштарды мифол. түшүнүктөрдөн арылтып, реалдуу турмушка жакындаткан. К-тин негизги моралдык (адеп-ахлактык ыймандык) прин­циптери төмөнкүдөй талаптардан турат: 1) өз ара жактыруучулук; 2) адамды сүйүү; 3) иш-аракеттерде токтоолук ж-а этияттык, сактык; 4) мамлекетти башкаруу. Өз ара жактыруучулук талабында «Өзүңө каалабаганды башкага жасаба» деген насыяты адамдардын социалдык ж-а этикалык мамилелерин аныктаган мыйзам бо­луп эсептелет; К. б-ча адамдын баары бирдей жаралат, бирок тарбиянын жүрүшүндө бири-би­ринен ажырап кетишет, ошондуктан ар бир адам өзүн-өзү тарбиялоосу керек. Тарбиялуу адам гумандуу, жоопкерчиликтүү, адилет, кичи пейил, камкор болот. Эгерде мындай адам кескин күтүүсүз кризистүү кырдаалга туш болуп, өмүр ж-а өлүм, абийир, ар намыс, мораль (ый­ман) принциби бир катарга тең коюлса, ал өлүмдү тандап алып, атын түбөлүк үлгү кылып калтырат; адамды сүйүү талабынын уюткусу ата-энени сыйлоо, ата-бабаларга сыйынуу, мурастарды сактоо, падышага берилүү болуп саналат. Эгер адам адамды сүйүү сапатына ээ болбосо, ал жүрүм-турум эрежелерин сактай албайт. Андай касиетке адам окуп-үйрөнүү аркылуу жетет. Окуусуз, үйрөнүүсүз адамгерчиликке умтулуу кем акылдуулукка; о. эле окуусуз, үйрөнүүсүз акылмандыкты сүйүү – одоночулук ка; эрдикке суктанып сүйүнүү – куйтулукка алып барат ж. б; о. эле иш-аракеттерде токтоолук, этияттык ж-а сактык талабы коюлат; жаңыны билүүдөн мурда эскини билүү керек; ага жалпы моралдык (адеп-ахлактык) тарбиялоону ж-а өзүн-өзү тарбиялоону ишке ашыруу м-н гана жетишүүгө болот делген. Конфуций жогорку моралдык принциптерге таянып, мамлекетти башкаруунун жол-жобо, тартиптерин иштеп чыккан. Асман эң жогорку күч, ал жердеги ади­леттүүлүктү көзөмөлдөйт ж-а социалдык теңсиз­дикти болтурбоо сакчылыгында турат; адамдардын жашоо-турмушу тагдырга көз каранды, ал эми байлык м-н атак-даңк асмандан түшөт. Өлкөнү башкарган падыша асмандын буйругу м-н иштейт, ал «Асман уулу» (Тяньцзы), ошондуктан ал падышанын бийлиги ыйык деп көр­сөткөн. Конфуцийдин окуусу б. з. ч. 1-к-да кытайлардын жашоо-турмушуна, каада-салттарына, ырым-жырымдарына сиңип, б. з. 2–3-к-нда Корея ж-а Японияга таралган; 16-к-дан Кытайдын мамл. дини болуп бекиген. 20-к-дын 70-жылдарында К. Кытайда мамл. деңгээлде сынга алынып, куугунтукталган. Бирок 80-жылдарда кайрадан К-ке кызыгуу жогорулоодо.


Ад.: Переломов Л. С. Конфуцианство и легизм в политической истории Китая. М., 1981; Конфуцианство в Китае: проблемы теории и практики. М., 1982; Кобзев А. И. Философия китайского неоконфуцианства. М., 2002.

Т. Эсенгелдиев.