КОНФУЦИЙ
КОНФУ́ЦИЙ (Кун-цзы же Кун Фу-цзы – устат Кун) (б. з. ч. 551, Лу падышалыгы Цзоу (азыр Шаньдун провинциясы, Цюйфу ш. ) – 479, ошол эле жер] – байыркы кытайдын улуу ойчулу, конфуцийчиликти

негиздөөчү. К-дин саясий ж-а этикалык көз караштары б. з. ч. 6-к-да жаралган, кийин анын шакирттери тарабынан түзүлгөн «Лунь юй» («Аңгемелер ж-а ой жүгүртүүлөр») китебинде баяндалган. 22 жашынан тартып окута баштап, Кытайдын эң атактуу окутуучусу катары даңкталган. 50 жашынан саясий ишмердүүлүккө өтүп, Лу падышанын мамлекетинде жогорку мансаптуу төрөлөрдөн болуп калган. К-дин этикалык-саясий окуусунун борборундагы башкы маселе – мамлекетти башкаруу. Адамдардын коомдогу ж-а үй-бүлөдөгү өз ара мамилелеринин эң жогорку мыйзамы ж э н ь (гумандуулук) түшүнүгү. Буга улууларды урматтоо, ата-энени сыйлоо, падышага берилгендик, сылыктык ж. б. ыймандык (моралдык) нормалар кирген. К-дин ырастоосунда жэн-ге ак сөөктөр (цзюнь) гана жетишип, букаралар (сяо жэнь) жетише алышпайт. Анын окуусу б-ча падышалык Асмандын (кудайдын) ыйык буйругу м-н тартууланган бийлик, ошондуктан башкаруучу «Асмандын уулу» (тяньц-зы) деп жарыялаган. К-дин идеясы – конфуцийчиликтин диний-этикалык окуусунун негизи болуп калды. Б. з. ч. 2-к-дан тартып 1911–
13-ж-дагы Синхай рев-ясына чейин конфуцийчилик Кытайдын расмий мамл. идеологиясы болуп келген. Кырг-нда 2008-жылдан К. Карасаев атн. БГУда Конфуций атн. ин-т иштейт.
Ад.: Сигэки Кандзука. Конфуций. Первый учитель Поднебесной. М., 2003; Малявин В. В. Конфуций. М., 2007.