КОНФОРМИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФОРМИ́ЗМ (лат. conformis – окшош, ыла­йык) – шарт-жагдайга келишип кетмеликти, ыкташуучулукту, ыкка көнүүчүлүктү, үстөмдүк кылган пикирди, тартипти пассивдүү (сокур ишеним м-н) кабыл алууну билдирген термин. Көпчүлүктүн пикирин аң-сезимдүү кабыл алган, өз жүрүм-турумун башкалардыкы м-н салыштыра билген жамааттан айырмаланып, К. жеке пикиринин жоктугун көрсөтөт ж-а кысым көрсөтүп, үстөмдүк кылган ар кандай үлгүнү принципсиз, сынсыз кабыл алат.