КОНФЛИКТ
КОНФЛИ́КТ (лат. c–nflictus – кагылышуу) – 1) карама-каршы көз караштардын кагылышы; чыр-чатакка алып келчү олуттуу келишпестик, кызуу талаш; 2) коомдогу ар кыл каршылыктардын көркөм чыгармада көрүнүшү; каармандардын ж-а кырдаалдардын, бир же бир нече мүнөздүн өз ара таймашы. К. сюжеттин өнүгүшүнүн башкы этаптарын аныктайт: окуянын башталышы, чиелениши, К-тин пайда болушу, К-тин курчушу (кульминация), чечилиши (мис., Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романынын негизги К-ин совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөн Сапарбай, Самтыр, Бүбүш м-н Саадат, Калпакбаевдин ортосундагы күрөш түзөт). К. айрыкча драмалык чыгармаларда айкын көрүнөт (мис., М. Байжиевдин «Төрт адам» пьесасында ортодо калган Нази Азиздин таасиринен улам Искендер м-н нравалык жактан К-ке чыгат да, акырында андан кол үзүү чечимине келет). К. эпикалык чыгармаларга да мүнөздүү.