КОНУРБАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНУРБА́ЦИЯ (лат. сon – чогуу, бирге ж-а urbs – шаар; шаарлардын чогундусу) – 1) бири-бирине жакын жайгашкан ж-а өз ара экон. тыгыз байланышы бар шаарлар тобу. Анын ортосу болуп ири шаар эсептелет. Мис., Чоң Мос­ква, Чоң Лондон, Чоң Париж К-лары, Токио­нун Йокохама К-сы ж. б.; 2) шаар агломерациясынын синоними.