КОНТРРЕВОЛЮЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРРЕВОЛЮ́ЦИЯ – рев-яга тикеден-тике каршы турган процесс; кулаган (же кулай турган) таптын социалдык рев-яга каршы жасаган ара­кети. К. күнү бүткөн коомдук ж-а мамл. түзүлүштү сактоого же кайра орнотууга багытталат. Айрым учурда рев-я К-дан жеңилип да калат (мис., Германиядагы 1848–49-жылдардагы рев-я, 1871-жылкы Париж Коммунасы ж. б.). Эгер айыгышкан күрөштүн натыйжасында реак­циячыл күчтөр талкаланса, рев-я толук жеңишке жетишет (Улуу Октябрь соц. рев-ясы, Куба рев-ясы ж. б.). К. – коомдук ж-а мамл. түзүлүштү жаңыртуу же сактап калуу ж-а со­гуш аракеттери м-н рев-янын жүрүшүн, жы­йынтыктарын артка буруу же жок кылууга ба­гытталган күрөш. Көптөгөн рев-ялык теория­лар б-ча К-нын же реакциянын күчтөрү кайсы чет өлкөлүк мамлекеттин таасиринде болсо, анын жардамы м-н кайра бийликке келиши мүмкүн. К-нын куралдуу каршылык, жарандык согуш, кутум ж. б. формалары болот.