КОНТРОЛЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРО́ЛЛЕР (англ. controller, сөзмө-сөз – башкаргыч) 1) техникалык объектини берилген алгоритм б-ча автоматтык башкарууга арналган электрондук түзүлүш. Өндүрүштө, транспортто, энергетикада, турмуш-тиричиликте колдонулат; 2) электр-техникада – электр кыймыл бергичтердин күч кабелдерин коммутациялоого арнал­ган төмөнкү чыңалуудагы көп позициялуу электр аппараты. Локомотивдердин метропо­литен вагондорунда, ж. б-да орнотулат; 3) диск К-у – компьютерге бир же бир нече диск кир­гизгичти орнотуучу ж-а аларды башкаруучу түзүлүш.