КОНТРАТАКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНТРАТА́КА (фр. contre-attaque, contre – каршы ж-а attaque – кол салуу) – аскерлердин коргонуу чегине кирип келген душмандын аскерин талкалоо ж-а убактылуу алдырып койгон тактикалык абалды калыбына келтирүү максатында душманга каршы чабуулу. К. коргонууда турган аскерлердин активдүүлүгүн мүнөздөйт. Согуш майданындагы К. коргонууда турган аскер бөлүктөрүнүн күчү м-н жүргүзүлөт. Айрым учурда ага авиация, танк, замбирек ж-а миномёттор жардам берет. Душман коргонуу чебин курууга ж-а резервдерин алып келүүгө үлгүрө электе аскерлердин душманга чечкиндүү ж-а капысынан урган соккусу К-нын жеңишин камсыз кылат.