КОНТРАКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАКТУ́РА (лат. contractura – тартылуу) – муун кыймылынын убактылуу же туруктуу чек­телиши. К-нын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) ж-а сунулган (бүгүлбөй калган), тубаса же кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса К. булчуң, муун, теринин өөрчүп жетилбей калышынан болот, мис., кыйшык моюн, жалпак таман, арт­рогрипоз ж. б. өсүү кемтиктерине байланыштуу К. туруктуу болот. Кийин пайда болгон К. күйүктөн, муун байламталары кокустаганда же сезгенгенде, булчуңдун түрдүү патол. процесстеринде, тарамыштын жабыркашынан, о. эле борб. ж-а четки нерв системаларынын ооруларында болот (мис., инсульт). Муунду узакка гипстеп, кыймылсыз таңууда же төшөктө көпкө кыймылсыз жаткан оорулууда пайда болушу ыктымал. К-ны өз убагында дарылабаса, муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн. Тизенин сунулган К-сында адамдын басышы бузулат, чыканактын сунулган К-сында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткире албайт. Бүгүлгөн тизе К-сында оорулуу бутуна таянып баса албай калат, ал эми чыканактын бүгүлгөн К-сында көп жумуш аткарылат. Туруктуу К-ны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, аппарат м-н тартуу, гипстеп таңуу, гимнастика, укалоо, фи­зиотерапия, керек болсо хирург. операция жасалат.