КОНТРАБАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАБА́С (италянча сontrabbasso) – жаалуу тартма кылдуу музыкалык аспап; скрипка түркүмүндөгү аспаптардын эң чоңу жана добушу боюнча эң пасы. Узундугу 2 м чамалуу. 4 кылдуу, 3 жана 5 кылдуусу да жолугат. Адатта контрабасты туруп ойнойт. Көбүнчө ансамблде, оркестрде, кээ­де жеке да ойнолот. Бел­гилүү кыргыз контрабасчылары: К. Төлөгөнов, М. Арсиев жана башкалар.

Ж. Боттезининин контрабасы.


Ад.: История контробасо­вого искусства. М., 2004.