КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР
КОНТИНЕНТТИК ЧӨКМӨЛӨР – кургактыкта (материктерде) пайда болуучу чөкмө тектер. Мурда орун алган тектер физ.-хим. ж-а мех. процесстерден талкаланат, кесек бөлүктөргө бөлүнөт, үбөлөнөт, упураланат, эзилет, эрийт. Андан кийин оордук күчүнүн таасири астында каптал ылдый кулайт, суу агызат, муз шилейт, шамал учурат. Акырында ойдуңдарга топтолуп, катмарланат. Чөкмө пайда болушуна климаттык шарт, жер бетинин рельефи, физ.-хим. процесстер себеп болот. Түзүлүштөрү деңиз чөкмөлөрүнөн айырмаланып, туруктуу эмес. Хим., литол. курамы ар түрдүү. Орг. калдык сейрек кездешет. Кээде такыр эле болбойт. Негизинен кум, шагыл, конгломерат, чопо, өтө сейрек органогендүү ж-а хемогендүү тектер жолугат. Тектердин орун алышына, топтолушуна, жыйылышына, чөгүшүнө, курамына жараша бир нече ген. типке бөлүнөт. Типтер белгилери б-ча: парагенезистик, жер бетиндеги же субарэалдык (элювий, делювий, эолдук чөкмөлөр), суу алдындагы же субаквалдык (аллювий, пролювий, көл чөкмөлөрү), муз астындагы же субгляциялык (морена ж. б.) топторго биригет. Мындан тышкары кызыл түстүү, гипстүү, бокситтүү, молассалуу ж-а түстүү түрү кездешет.