КОНТИНЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТИНЕ́НТ (лат. continens – материк), м а т ер и к – жер кыртышынын туш тарабынан океан, деңиз суулары м-н чулганган ири бөлүгү. Кыртышынын орт. калыңдыгы – 35–45 км. Ага гранит-метаморфизмделген тоо тек катмарлуу жер кыртышынын континенттик түзүлүшү мүнөздүү. Азыркы геол. доордо 6 К. бар: Евразия (аянты 53,4 млн км2), Африка (30,3 млн км2), Түн. Америка (24,2 млн км2), Түш. Америка (18,2 млн км2), Антарктида (14,0 млн км2), Австралия (7,7 млн км2).