КОНТЕКСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТЕ́КСТ – көркөм чыгарманын мааниси жагынан байланышта, биримдикте турган, үзүп алууга мүмкүн болбогон бөлүгү. Адабий чыгарманы талдоодо К-ке чоң маани берилет. К. өзүнчө бир фразада, строфада, абзацта гана бир ойдун бүтүндүгүн түзбөстөн, көркөм тексттин бүткөн туруш-турпатын жаратат. Ошондуктан белгилүү бир сөздү же фразаны өзүнчө бөлүп албай К-те гана түшүнүп, талдоого болот. Автордун пикири, каармандардын сөздөрү К-ке байланыштырылып текшерилбесе, автордун сөзү м-н каар­мандын сөзү чаташып кетиши мүмкүн. Тексттен цитата алган учурда да сөздөрдү, фразаларды бөлүп албастан, анын маанилүү бөлүгүнүн баарын алуу керек.