КОНСУЛ
КО́НСУЛ – 1) Байыркы Римдеги шайланма жогорку кызмат адамы. Адегенде К-га патрицийлерден 2 киши 1 жылдык мөөнөткө шайланган. Күрөштүн натыйжасында кийин плебейлер да К. болуп шайлануу укугуна жетишкен. Жарандык ж-а аскердик бийлик К-дун колунда болгон. Ар бир К. 2 млн аскерге ээ болуп, сенат м-н элдик жыйын чакырып, аларга башчылык кылган. Империя доорунда К. реалдуу бийликтен ажырап, ардактуу наам болуп калган; 2) башка мамлекетте өз мамлекетинин ж-а анын жарандарынын укуктук, экон. таламдарын коргоо ж. б. милдеттерди аткаруучу туруктуу өкүл катары дайындалган кызмат адамы. К-дук топторго ылайык К-дук мекеменин башчылары: г е н е р а л д ы к К., в и ц е К. ж-а К. а г е н т болуп бөлүнөт. К-ду дайындаган мамлекет анын керт башын күбөлөндүрүүчү консулдук патент м-н камсыз кылат.