КОНСТАНТИНОВ Борис Павлович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТАНТИ́НОВ Борис Павлович [23. 6(6.7).1910, Санкт-Петербург – 9. 7. 1969, Ленинград] – орус совет физиги, СССР ИАнын академиги (1960, корреспендент мүчөсү, 1953), вице-президенти (1967-жылдан), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954). Лениндик сыйлыктын (1958) ж-а СССР мамлекетик сыйлыктын (1953) лауреаты. Ленинград политехникалык институттун бүтүргөн (1926–29). 1947-жылдан Ленинград политехникалык институтунда профессор. Негизги илимий изилдөөлөрү теориялык ж-а колдонмо акустика, ядро физикасы, плазма физикасы, астрофизика ж. б. тармактарга арналган. Химиялык элементтердин универсал микроанализ методун иштеп чыккан. РСФСР Жогорку Советинин (6–7-шайланышынын) депутаты. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медал­дар м-н сыйланган.