КОНСТАНТИНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТАНТИ́НОВКА – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Ленин атн. айыл округуна караштуу. Ат-Башы каналынын боюнда, деңиз деңг. 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Лебединовка кыш-нан 21 км түн.-батыш тарапта. Кыштак 1944-ж. негизделген. Калкы 1052 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.