КОНСЕПСЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСЕПСЬО́Н – Чилидеги шаар. Био-Био обл-нун адм. борбору. Калкы 404,6 миң (2009), агломерациясында 1040,6 миң. Өлкөнүн маанилүү экон. борбору ж-а жол тоому. К-дун Тынч океандагы аван порттору Талькауано ж-а Томе. Машина куруу, нефть ажыратуу, нефть-хим., текстиль, полигр., цемент, целлюлоза-кагаз ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-тер, музейлер бар. 1550-ж. негизделген. 1818-ж. К-до Чили­нин көз каранды эместиги жарыяланган.