КОНРАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НРАД Николай Иосифович – (13. 3. 1891, Латвия, Рига – 30. 9. 1970, Москва) – филолог, тарыхчы, орус чыгыш изилдөөчүсү, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1938), академиги (1958). 1912-ж. Петербург ун-тинин

чыгыш тилдер ф-тин (кытай-япон бөлүмүн) бүтүргөн. 1922–38-ж. Ленинград ун-тинин чыгыш таануу ф-тинде, 1941-жылдан Москва чыгыш таануу ин-тунда Япон тили кафедрасын жетектеген. 1943-жылдан өмүрүнүн акырына чейин СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунда иштеген. Япония, Кытай, Корея, О. Азия, Европа элдеринин тили, ад-ты ж­а тарыхы б-ча 200дөн ашуун ил. эмгек жазган. «Япон улуттук адабий тилинин синтаксиси» (1937), «Кытай тили жөнүндө» (1952), Кытай менен Япониядагы адабий тил жөнүндө (1954) ж. б. изилдөөлөрү чыгыш лингвистикасынын, «Япон феодализминин маселелери» (1923), «Япон тарыхынын байыркы замандан Мейдзи төңкө­рүшүнө чейинки очерки» (1934), «Тарых илимин­деги орто кылымдар доору» (1955) ж. б. эмгек­тери чыгыш тарыхынын орчундуу маселелери­не арналган. К. «Дүйнөлүк тарыхтын» Башкы редакциясына мүчө болуп, ага бир нече макала жазган. «Батыш менен Чыгыш» деген китеби (1966) япон, англис тилдерине которулган. «Япончо-орусча чоң сөздүгү» (1970) үчүн СССР мамл. сыйлыгы ыйгарылган (1972). Ал сов. япон таануу мектебин негиздеген. Эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Япония өкмөтүнүн 2-даражадагы «Таңдуу Күн» ордени м-н сыйланган.


Эмг.: Японская литература в образцах и очерках, Л., 1927; М., 1991; Сантаксис японского националь­ного литературного языка, М., 1937; Запад и Восток (2-изд.), М., 1972.


Ад.: Жуков Е. М. К семидесятилетию акад. Н. И. Конрада//Китай, Япония, М.,1961; Вахтин Б. Б., Фишман О. Л. Николай Иосифович Конрад, «Советская тюркология, 1970, ¹ 5.