КОНОНОВ 1
КО́НОНОВ Андрей Николаевич [14(27). 10. 1906, Санкт-Петербург – 30. 10. 1986, Ленинград) – түрколог ж-а тарыхчы, филология илимд. докто ру (1948), Ленинград ун-тинин проф. (1950), СССР ИАнын

академиги (1974), Түрк лингв. коомунун (1950), Венгрия чыгыш таануучуларынын ил. коомунун (1970), Венгрия ИАнын (1973), Польша чы гыш таануучуларынын (1974), Королдук Азия Коомунун (1974, Лондон) ардактуу мүчөсү, Хельсинкидеги финн-угор таануу коомунун корр. мүчөсү (1974). Ленинград чыгыш таануу ин-тун бүтүргөн (1930). Ленинград ун-тинин түрк филологиясы кафедрасынын башчысы (1949–72), деканы (1953–54), СССР ИАнын Чыгыш таануу ин-тунун Ленинград бөлүмүнүн башчысы (1961–63), кийинки жылдары Сов. түркологдор к-тинин төрагасы болуп иштеген. Негизги ил. эмгектери түркология маселелерине арналган: «Азыркы түрк адабий тилинин грамматикасы» (1956), «Азыркы өзбек адабий тилинин грамматикасы» (1948, 1960) ж. б. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Петросян Ю. А., А. Н. Кононов //Письменные памятники и проблемы истории культуры народов Востока. М., 1986. Ч. 1.