КОНОК
КОНОК , к. Мейман. KOHOK (Panicum italicum) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Эгилме ж-а жапайы түрү бар. Сабагынын уз. 50–100 см. Шыпыргы сымал (машакка окшош) топ гүлдүү, чачы тамырлуу. Машагынын кыска, жумшак кылкандары бар. Даны эллипс формасында, таруунукунан майдараак (100 данынын салм. 1,5–3,5 г), саргыч, кызгылт. Кургакчылыкка чыдамдуу, жылуу, кумдак, айрыкча кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Азия өлкөлөрүндө, эгилмеси КМШ өлкөлөрүндө – Украина, Түн. Кавказ, Молдова, Казакстан, Батыш Сибирь, Борб. Азияда өстүрүлөт. Морфол. ж-а биол. өзгөчөлүктөрүнө карата кайрак жерде өсүүчү н а к т а К. (тез бышат, кургакчылыкка чыдамдуу, анча бийик эмес) ж-а сугат өрөөндө өсүүчү и т К. (кеч бышат, бийик өсөт) болуп айырмаланат. К. тамак-ашка ж-а тоют катары пайдаланылат. Гүлдөгөнгө чейин чабылган көк бакалы аш болумдуу тоют, 100 кгында 17 тоют бирдиги, 1,8 кг сиңимдүү протеин, 7 г каротин болот. Гектарынан 100–250 ц көк бакал, 25–65 ц дан алынат. Даны тартылып, малга жем болот. Илдеттери: кара көсөө, жалбырак чүрүшү ж. б.