КОНОВАЛОВ ЗАКОНДОРУ
КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы ж-дөгү закондор. 1881–84-ж. орус химиги Д. П Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концент-сы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концент-сынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концент-сынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо темп-расы азаят; г) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концент-сы көбөйгөн сайын эритменин кайноо темп-расы чоңоёт. Экинчи закону: экстремум чекиттеринде буунун басымы изотермиялык шартта же кайноо темп-расы изобаралык шартта буунун ж-а суюктуктун курамы бирдей. К. з. буулантуу, реактивдештирүү ишинде чоң мааниге ээ.