КОНГО 1
КО́НГО , З а и р – Борб. Африкадагы дарыя; негизинен Конго Демокр. Респ., айрым бөлүктөрү Конго Респ. ж-а Анголанын чек аралары аркылуу агат. Уз. Луалабанын башатынан 4320 км; алабынын аянты (3691 миң км2) ж-а суусунун молдугу (орт. чыгымы 46 миң м3/сек) б-ча Африкада биринчи, дүйнөдө Амазонка ж-а Паранадан кийин 2–3-орунду ээлейт. Заирдин түш.-чыгышынан, Замбиянын чегине жакын жайгашкан платодон башталып, Стэнли шаркыратмасына чейин Луалаба деп аталат. Орто бөлүгүндө Конго ойдуңу аркылуу кенен (20 кмге чейин) өрөөн м-н агып, салааларды ж-а көлдөрдү пайда кылат. Төмөн жагында Түш. Гвинея дөңсөөсүн терең капчыгай аркылуу жарып агат. Мында босоголор м-н шаркыратмалар (Стэнли, Ливингстон ж. б.) көп. Матади ш. тушта деңиз жээгиндеги түздүккө чыгып, Банана ш. тушта Атлантика океанына эстуарийди пайда кылып куят. Башкы куймалары: Лифура, Лувуа, Лукуга, Арувими, Итимбири, Убанги, Санга (оң), Ломами, Лулонга, Касаи (Ква), Руки (сол). К-нун алабында Танганьика, Киву, Бангвеулу, Мверу ж. б. ири көлдөр жайгашкан. Суусу жогорку aгымында ноябрь–декабрда, ортонку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө май–июнда ж-а ноябрь–декабрда кирет. Орт. чыгымы 46 миң м3/сек (эң көбү 75 миң км3/сек, азы 23 миң км3/сек). Жылдык орт. агымы 1450 км3. К. океан суусун жээктен 75 км аралыкка чейин тузсуздандырат. Жылына 50 млн тга чейин шиленди агызып келет. Гидроэнергиясынын запасы 390 ГВт чамасында. Ири ГЭСтери: Ле-Маринель, Делькомюн (Луалаба), Франки (Луфирде), Инга (К-нун төмөнкү агымында). Балык кармалат. К-нун алабындагы суу жолунун жалпы уз. 20 миң кмдей. К-нун өзүндө айрым участкаларында гана кеме жүрөт. Айрым босоголуу участкалары т. ж. аркылуу туташат. Жээгиндеги ири шаарлары: Букаву, Конголо, Кинду, Кисангани, Киншаса (Конго Демокр. Респ.), Браззавиль (Конго Респ.); төмөнкү агымында Матади деңиз порту (Бома, Банана аванпорттору м-н) жайгашкан.
Ад.: Дмитревский Ю. Д., Олейников И. Н. Река
Конго. Л., 1962.
Г. Бакасова.