КОНВЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНВЕ́НЦИЯ (лат. conventio – макулдашуу) – эл аралык укук субъектилеринин ортосундагы келишимдердин бир түрү. Анда мамлекеттердин ж-а эл аралык укуктун башка субъектилери­нин саясий, экон., юрид., экол., аскердик, гума­нитардык, о. эле деңиз, аба, космос тармак­тарындагы укуктар м-н милдеттер катталат. К. укуктук жарыя мүнөздөгү документ катары (к. Эл аралык келишим) 19-к-да пайда болуп, алгач саясий же конституциялык милдетти ат­карган. К. ин-ту 20-к-да өзгөчө өнүгүүгө ээ бол­гон. БУУнун системасында К. универсалдуу эл аралык документ катары белгилүү.