КОНВЕЙЕР
КОНВЕ́ЙЕР (англ. conveyer, convey – көчүрүү,ташуу), ж ы л д ы р г ы ч, т р а н с п о р т ё р – чубурма, кесек же даана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуучу машина. Жылдыруучу элементтери б-ча тасмалуу, чынжырлуу, аркандуу, буралмалуу, инерциялуу, дирилдөөчү, чыгырыктуу К. болуп айырмаланат. Жүктү ташуучу каражатына жараша К., тасмалуу, тилке пластинкалардан туруучу, кыргычтуу, арабалуу ж. б. түрдө болот. Кеңири таралгандары: тасмалуу К-дин жүк алып жүрүүчү каражаты – тасмасы болот же резинадан жасалып, 1–5 м/с ылдамдыкта жүрөт; пластинкалуу К. өз алдынча шарнир түрүндө бири-бирине уланган, 1 м/с ылдамдыкта айланган болот полотнодон турат; кыргычтуу К. кыргычтары бар чынжырдан туруп, кобулда же кутуда 1 м/с ылдамдыкта айланат; асылма К. жылдыруучу чынжырга бекитилген арабачалары бар ж-а атайын багыттоочтордун жардамы м-н жүктү керек жерге жеткирет. Ал атайын программалар м-н автоматтык түрдө аткарылышы да мүмкүн. Уз. бир нече кмди түзүп, ылдамдыгы 45 м/мин; арабалуу К. оор жүктү

бири-бирине чиркелген араба м-н рельс жолунда 1,2–7,5 м/с ылдамдыкта ташыйт; сузгулуу К. чынжырга илинген, 0,16–0,4 м/с ылдамдыкта которулат; буралмалуу, жүк буралманын жээги м-н айлануучу түтүк аркылуу которулат ж-а жүктүн түрүнө (суюк же чубурма) жараша айлануу жыштыгы 50–150 мин; термелүүчү инерциялык К. чубурма ж-а кесегирээк жүктү та-

шыйт; дирилдөөчү К. бир же эки түтүктүү транспорттук кобулдан туруп, чаңдуу, уулуу, ысык жүктөрдү ташууда колдонулат; чыгырыктуу – К. 2–5° жантайыңкы жайгашып, чыгырыктары жүктүн оордук күчүнүн таасиринен айланат. О. эле атайын адистештирилген түрлөрү белгилүү, мис., стакер, элеватор, эскалатор ж. б. К. өндүрүштүн ар кандай тармагында колдонулуп, жүктөө ж-а жүк түшүрүүдө, технол. процесстерде үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылат.