КОМСОМОЛ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Фрунзе айыл округуна караштуу. Со­кулук тажрыйба станциясынын аймагында, Бишкек – «Манас» автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңг. 649 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сокулук кыш-нан 27 км түн.- чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 2247 (2007); негизинен жашылча өстүрүшөт. Негизги мектеп, 2 китепкана, бала бакча, клуб бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар иштейт.