КОМСОМОЛ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМСОМО́Л МӨҢГҮСҮ Борб. Теңир-Тоодо. Эңилчек мөңгүсүнүн ири тармагы. Боз-Кыр кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 16,0 км, жалпы аянты 70,2 км2. Башы деңиз деңг. 6090 м, этеги 3800 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Дендрит тибиндеги бутактап кеткен тоо аралык өрөөн мөңгүлөрүнүн тобуна кирет. Абляциясынын аянты 3,5 км2. Мөңгү Эңилчектин негизги «тилинин» түш. четине ичке тилке болуп кошулуп, батышты карай агат.