КОМСОМОЛЬСК-НА-АМУРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́ЛЬСК-НА-АМУ́РЕ – Россиядагы шаар (1932-жылдан). Хабаров крайынын түн­дүгүндө жайгашкан. Комсомольск р-нунун адм. борбору. Амур д-ндагы порт. Калкы 272,3 миң (2008). Жол тоому. Т. ж. бекети. Аэропорту бар. 1932-ж. Пермь кыш-нын ордуна комсомолдор курган. 1932–35-ж. Ы. Чыгыш, 1939-жылдан Хабаров крайларынын адм. борбору болгон. Ы. Чыгыштагы ж-а Забайкальедеги эң ири ө. ж. борборлорунун бири. Кеме (1933; Ы. Чыгышта­гы эң ири Амур кеме куруу з-ду, дизель м-н суу астында жүрүүчү кемелерди ремонттойт, модер­низациялайт ж-а курат), машина куруу (мык­ты авиация өндүрүш бирикмеси, Су-27, Су-33, Су-35, көп функциялуу Су-80 ж-а Бе-103 амфи­бия-самолётун чыгарат), кара металлургия («Амурметалл» бул аймактагы эң ири болот эри­түүчү з-д), нефть ажыратуу, «Элком» (ширетүүчү электроддор), жеңил, тамак-аш ө. ж. ишкана­лары иштейт. Эки ЖОЖ, театр, край таануу ж-а сүрөт музейи, А. Н. Островский атн. китеп­кана (1934; 16 филиалы м-н) бар.