КОМПЬЮТЕР ЖАБДУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЬЮТЕР ЖАБДУУЛАРЫ– компьютерге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алынган маалыматты чыгаруу ж-а сактоо үчүн колдону­луучу атайын түзүлүштөр. Аларга берилиштер­ди киргизгич түзүлүш, маалыматтарды чыгар-

Компьютер жабдуулары: 1 – клавиатура; 2 – «чыч­кан»; 3 – процессор; 4 – диск иштетүүчү система; 5– колонкалар; 6 – монитор; 7 – компакт диск оку­учу түзүлүш (DVD – ROM).

гыч түзүлүш, сактагыч ж-а байланыш-катыш түйүнү кирет. Киргизгич берилишти компью­терге киргизүү үчүн колдонулат. Кеңири тарал­ган киргизгичке баскыч топ (клавиатура) ж-а«чычкан» кирет. Клавиша аркылуу киргизил­ген берилиш компьютердин эсинде убактылуу сакталат ж-а монитордо көрсөтүлөт. Система­лык блок тик бурчтуу куту түрүндө түзүлөт ж-а киргизилген берилишти иштетүүчү электрондук схемалардан турат. Электрондук схемалар сис­темалык же энелик такта деп аталган башкы тактага бириктирилет. Системалык тактага борбордук процессор, эс ж-а башка микросхемалар орнотулат. Эс (эс тутуму), ошондой эле тез эс деп ата­лып, ал каалагандай тартипте түз жетүүнү кол­догон сактагыч түзүлүш болот. Тез эс берилиш­терди ж-а программалар иштетилип жаткан учурда убактылуу сактап турат. Чыгаргыч иш­тетүүнүн жыйынтыгы болгон маалыматты чы­гарат. Бул түзүлүш алынган жыйынтыкты чы­гаруу алдында колдонулуучу түшүнө турган түргө өзгөртөт. Чыгаргыч түзүлүштөргө принтер, мо­нитор ж-а үн чыгаргыч түзүлүш (колонка) ки­рет. Принтер кагазга көчүрмөлөрдү басып чы­гарса, монитор маалыматтарды экранга убак­тылуу чыгарат, ал эми колонка үндөрдү угузуу үчүн колдонулат. Сактагычта айрым учурда сырт­кы эс же жардамчы сактагыч түйүнү деп ата­лат ж-а учурда пайдаланылбаган берилиштер м-н программаларды (көрсөтмөлөрдү) сактайт. Сактагыч түзүлүштө тез эстеги берилишти сак­тоого болот. Жеке компьютерде маалымат ий­кемдүү (floppy) диск деп аталган кичине плас­тик дисктин магниттелген бетинде сакталат. Системалык блок ичине орнотулган катуу диск­тин кыймылдаткычы сырткы түзүлүштүн баш­кысы болуп эсептелет, ал ийилчээк дискке ка­раганда сыйымдуулугу чоң ж-а сактоо мүмкүн­чүлүгү жогору. Кубаттуулугу аз лазер нуру м-н берилиштерди окууда CD-ROM, DVD-ROM кый­мылдаткычтары пайдаланылат. Байланыш-ка­тыш түйүнү бир компьютерди башка компью­тер м-н, модем деп аталган түзүлүш санариптик сигналды аналогдук сигналга, аналогдук сиг­налды санариптик сигналга айландырууда кол­донулат. Тармактын интерфейс карт ж-а байла­ныш кабели аркылуу салыштырмалуу жакын (бир имаратта) жайгашкан компьютерлер ту­таштырылат. Компьютерлердин туташтырыл­ган тобу тармак деп аталат. Киргизгич, чыгар­гыч, сактагыч ж-а байланыш түзүлүштөрү чөйрө (перифериялык) түзүлүштөрдүн айрым гана бө­лүктөрү, алар компьютер системасынын бө­лүктөрүн түзөт.