КОМПТОН ТОЛКУН УЗУНДУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́МПТОН ТОЛКУН УЗУНДУГУ – узундук че­нине ээ ж-а релятивдик квант эффектисинин пайда болуу облусун билдирүүчү чоңдук. Бөлүкчөнүн массасы m ж-а универсалдык ту­рактуулар h, c аркылуу туюнтулат: Aк=h/mc, мында h – Планк турактуулугу, с –вакуумдагы электр-магниттик толкундун ылдамдыгы, m – бөлүкчөнүн массасы. Aк Комптон эффектисинде­ги электр-магниттик толкундун электрондон (протондон) чачырагандагы толкун узундугунун өзгөрүшүн (–A) мүнө здө йт. Элек тро н үчүн A ::3,9.10–11 см, протон үчүн A ::2,1.10–14 см.

к к К. т. у. кванттык релятивдик процесстери сези­лерлик болгондогу талаалардын мейкиндиктик бир тектүү эместигинин масштабын ж-а вирту­алдуу бөлүкчө өзүнүн пайда болгон чекитинен канча аралыкка алыстай ала тургандыгын көрсөтөт. Ошондуктан ядролук күчтөрдүн ара­кет этүү радиусу (виртуалдуу адрондордун эң эле жеңили – p-мезондор м-н аныкталат) чоңдугун тартиби б-ча К. т. у-на барабар. Электрон-по­зитрон виртуалдуу жубунун пайда болушунун эсебинен боштуктун уюлдануусу электрондук К. т. у-ндай аралыкта байкалат.