КОМПРЕССОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПРЕ́ССОР – абаны, газды, бууну кысууга арналган пневматикалык механизм. Кысылган аба, ө. ж-да ж-а тоо-кен өндүрүшүндө бургулоо иштерин жүргүзүүдө коркунучсуз энергия була­гы катары пайдаланылат. О. эле буу турбина-

Поршендүү компрес­сор: 1– муунактуу вал; 2 – шатун; 3 – поршень; 4 – жумуш аткаруучу цилиндр; 5 – цилиндрдин кла­паны; 6 – соруп тол­тургуч түтүк; 7 – со­руп толтургуч кла­пан; 8 – абаны соруп алгыч; 9 – соруучу клапан; 10 – музда­т ууч у с уу жү р гү ч түтүк.

лык кыймылдаткычта колдонулат. Жөнөкөй К. алдыга-артка кыймылдоочу поршендүү ци­линдрден турат. Капкагында соргуч ж-а толтур­гуч клапандары жайгашкан. Цилиндрлер улам кийинки баскычтарга биригет ж-а алардын ар биринин кысуу деңгээли 7:1ге чейин. Кыскан маалда газ ысый баштайт да, муздатуучу систе-


ма талап кылынат. Кысылган газ май чачы­лып муздатылат. Жогорку кубаттуулуктагы К-лорго жогорку айлануудагы радиустук ж-а октук (өзөктүк) турбокомпрессорлор кирет.