КОМПРЕСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПРЕ́СС (лат. compressus – кысылган) – да­рылоо максатында колдонулуучу атайын таңуу. К. кургак, нымдуу ж-а жылытуучу болуп бөлүнөт. Кургак К. ооруган, жараланган же күйгөн жерди тышкы чөйрөнүн таасиринен сак­тоо ж-а жарадан чыккан ириң-канды сордуруу үчүн көбүнчө кебезден жасалат. Нымдуу комп­ресс жылытуучу же муздатуучу болуп айырма­ланат. Жылытуучу компресс сезгенүү процессин­де ооруну басаңдатуучу, о. эле дарылоо каража­ты катары колдонулат. Ал кан тамырларды кеңейтүү м-н дененин керек жерине кандын ке­лишин жакшыртат. Анын таасирин күчөтүү үчүн бинттин үстүнө жылыткыч койсо болот. Жы­лытуучу К-те чүпүрөк жарымына суу кошулган арак же спиртке чыланат. Ысык К. ооруну ба­сып, сезгенүүгө каршы ж-а алаксытуучу таасир берет. Ал булчуң, муун ж. б. ооруганда, ошол жерди ысытуу үчүн колдонулат. Муздак К. ка­туу урунууда, мурун канаганда ж. б. коюлат, ооруну басаңдатып, ооруган жерге кандын ке­лишин азайтат.