КОМПЛАНАРДУУ ВЕКТОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛАНАРДУУ ВЕКТОРЛОР (лат. соm – бирге ж-а planum – тегиздик) – бир тегиздикте жаткан же кандайдыр бир тегиздикке жарыш векторлор. Каалаган эки вектор ар убакта ком­планардуу болот, ал эми 3 вектор компланар­дуу болбой калышы мүмкүн. Нөл вектор каала­ган эки векторго компланардуу. a(x1, y1, z1)

b (x2 , y2 , z2 ) ж-а c (x3, y3 , z3 ) векторлорунун ска-

лярдуу-вектордук аралаш көбөйтүндүсү нөлгө барабар болот: x1 y1 z1 x2 y2 z2 =0 x3 y3 zрыл ж-а жетиштүү шартын ырастайт. Мындай шарт аткарылбаса, ал векторлор компланардуу болбойт, б. а. бир тегиздикте жаткан түз сызык­тар компланардуу, ал эми бир тегиздикте жат­паса, компланардуу болбойт. Дагы үч вектор­дун компланардуу болуу шарты aa + –b + yc = 0 м-н белгиленет, мында a, –, y турактуу сандары­нын жок дегенде бирөө нөлгө айланбашы ке­рек.