КОМОР АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМО́Р АРАЛДАРЫ , К о м о р А р а л д а р С о ю з у – Инди океанындагы мамлекет. Мо­замбик кысыгынын түндүгүндө, Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан. Аянты 1862 км2. Калкы 627,0 миң (2008). Адм.-айм.

жактан 3 аралга [Нгазижа (Гранд-Комор), Нжуа­ни (Анжуан), Мвали (Мохели)] бөлүнөт. Борбо­ру – Морони ш. (Нгазижа а-нда). Акча бирди­ги – комор франкы.
К. а. – БУУнун (1975-жылдан), ЭВФтин (1976), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү бан­кынын (1976), Араб өлкөлөрү лигасынын (1993) ж-а Африка Союзунун (1975; 2002-ж. чейин ОАЕ) мүчөсү.
К. – союздук мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы ж-а аткаруу бийлигин президент аткарат (Ко­мор-Аралдар Союзуна караган аралдардын би­ринен ротациялык негизде 4 жылга шайланат).
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир пала­талуу парламент (33 депутаттан турат). Көп партиялуу. Башкы партиялары – Автономия аралдар партиясы, Комордун кайра жаралышы үчүн конвенция партиясы.
Калкынын негизин анталоатра (95%; жерг. африкалыктар м-н арабдардын, малагасилер м-н европалыктардын никелешүүсүнөн пайда болгон) түзөт; о. эле арабдар, индейлер, кытай­лар, француздар да жашайт. Расмий тили – ко­мор (аралдын диалекти м-н), француз ж-а араб тилдери. Ислам динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 300 киши. Ири шаарлары: Морони (22 миң), Муцамуду (14 миң).
Аралдары тоолуу; Аракеттеги бир нече жа­нартоо бар. Эң бийик жери – Картала тоосу (би­йикт. 2360 м). Климаты тропиктик [нымдуу ж-а ысык (ноябрь–май)] ж-а пассаттык (кур­гак, салыштырмалуу салкын). Эң суук айынын орт. темп-расы 23–24°С, эң ысык мезгилде –27... –28°С, тоолорунда 14–15°Сге чейин төмөндөйт.
Жылдык жаан-чачыны 1100 ммден 3000 ммге чейин (жанартоо массивинин айдарым беттерин­де). Нгазижа а-нда туруктуу аккан суусу жок, башка аралдарында кыска ж-а тез-тез соолуп ка­луучу агын суулары бар. Кратерлерде көлдөр кез­дешет (суусу таза). Флора м-н фаунасы эндемик­тер. Айдарым капталдарында бийик өскөн тро­пиктик токойлорунда лианалар м-н жыгач сы­мал папоротниктер ж-а орхидеялар, токойло­рунда жылаңач уруктуулардын байыркы өкүл­дөрү, тоолордун этегинде ж-а түздүктөрүндө сей­рек токой, саванна, жаш платолорунда чөп ж-а суу жээктеринде мангр өсүмдүктөрү өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 20дан ашык (а. и. мангуст лему­ру, тенрек), канаттуулардын 100гө жакын (анын 40%тейи эндемик; комор ача куйруктуулары, комор ак көзү ж. б.), сойлоп жүрүүчүлөрдүн 20дан ашык түрү (хамелеондор, жашырын көздүүлөр, фельмузалар) ж-а Нгазижа а-нын жээктеринде жоголуп бараткан латимерия (чеңгел канаттуу балык) кездешет. Мохели деңиз паркы уюшту­рулган.
Анжуан а-нда калк б. з. 5-к-да эле отурук­ташкан. Архипелаг 12-к-да Килвы султанды­гынын (Танзаниянын аймагында арабдар уюш­турган) бийлигинин астында болгон. Арал ж-дө алгач 1598-ж. голландиялык саякатчы К. Хаутман жазган. 1600-ж. Африкадан, Чыгыш Араб өлкөлөрүнөн, Индонезия ж-а Мадагаскар­дан элдер көчүп келип отурукташа баштаган. 15-к-дан 19-к-га чейин мусулмандардын ээлиги болуп келген. 1912-ж. Франциянын колониясы деп расмий жарыяланган. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусун алган. 1975-ж. арал көз каранды эместикке ээ болуп, бирок Майотта а. Франциянын бийлигинин ас­тында калган. 1978–79-ж. бир нече жолу мамл. төңкөрүштөр болгон. 1978-ж. октябрда жаңы конституция кабыл алынып, К. А. Ислам Респ. (ФИРКО) аталган. 2007-ж. кайрадан шайлан­ган президент аралдардын баарына көз каран­ды эместикти берген. К. – агр. өлкө. Экономи­касы чет өлкөлүк жардамга көз каранды. Жар-


дамды негизинен Франция, Япония, Сауд Ара­биясы, Бириккен Араб Эмирликтери ж-а Кувей­ттен алат. ИДПнин көлөмү 1,26 млрд доллар (2007; аны киши башына бөлүштүргөндө 1100 доллардан туура келет), андагы а. ч. секторунун үлүшү 40%, ө. ж-ныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 56%. Ө. ж. начар өнүккөн. Эфир май, копра, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Самын кай­натылат. Сыртка эфир майын (иланг-иланг, жылына 45 тга жакын эссенция алынат, дүйнө­дө 1-орунда), чеге гүл (дүйнөдө 4-орунда), ваниль (6-орунда), кокос пальмасы (Мвали а-нда; 77 миң т, жаңгагы), корица (татымал), кофе ж-а какао чы­гарат. Керектөөлөрү үчүн банан, маниок, күрүч, таро, батат, ямс, жүгөрү ж-а бал камыш өстүрү­лөт. Аймагынын 7%ин жайыт ээлейт. Бодо мал, эчки, кой ж-а эшек асыралат. Балык карма­лат. Жыгач даярдалат. 2006-ж. 20 млн кВт.с

Комор акчасы.

электр энергиясы өндүрүлгөн. А. ч. продуктула­ры экспорттолот. Автомобиль жолунун уз. 880 км (а. и. 673 кми асфальтталган). Негизги портто­ру: Морони, Муцамуду. Деңиз соода флоту 144 кемени камтыйт (а. и. 70и башка өлкөнүн же­леги м-н жүрөт). Морони ш-нда эл аралык аэро­порт бар. Туризм өнүгүүдө (жылына 20 миң ту­рист келет). Негизги сырткы соода шериктеш­тери: Нидерланд, Франция, Италия, АКШ, Син­гапур, Түркия ж-а Пакистан.


Ад.: Коморские острава / /Всё о странах мира, ат­лас-справочник, М., 2006; Коморы // Большая Рос­сийская энциклопедия. Т. 14. М., 2009.

Р. Карачалова.