КОММУНИСТТИК ИНТЕРНАЦИОНАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИСТТИК ИНТЕРНАЦИОНА́Л , К о м и н­т е р н, 3-И н т е р н а ц и о н а л – эл аралык уюм (1919–43). 1-, 2-Интернационалдардын му­раскору катары пролетардык кыймылдын идея­лык саясатын улантуучу болуп саналат. Аны В. И. Ленин уюштурган. К. И-дын 7 конгресси (март 1919; июль–август 1920; июнь–июль 1921; ноябрь–декабрь 1922; июнь–июль 1924; июль– сентябрь 1928; июль–август 1935) өткөрүлгөн. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде фашизмге каршы күрөш жүргүзүүнүн башкы демилгечиси катары


белгилүү. Ошону м-н бирге коммунисттик пар­тиялардын жаңы, татаал шартта иштеши би­ригүүнүн жаңы уюмдашуу формаларын талап кылган. Ушуга байланыштуу 1943-ж. 15-майда Коммунисттик Интернационалдын Аткаруу Комитетинин Президиуму К. И-ды таратуу ж-дө чечим кабыл алган.


Ад.: Ватлин А. Ю. Коминтерн: первые десять лет. Исторические очерки. М., 1993; История Коммунисти­ческого Интернационализма. 1919–1943. Докумен­тальные очерки/Под ред. А. О. Чубарьяна. М., 2002.