КОММУНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНИ́ЗМ (мурдагы К а р г а ш а, К ы з-Э м­ч е к) – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак.
Жошолу айыл округуна караштуу. Жошолу суу­сунун боюнда, деңиз деңг. 1750 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 10 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 93 км. Калкы 1005 (2009); негизинен мал багы­шат. Негизги мектеп, китепкана бар.