КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАР (англ. commercial clearing bank) – келишимдик шартта кредиттик­эсептик ж-а банктык башка юрид. ж-а жеке жактарды операциялар ж-а кызмат көрсөтүү аркылуу тейлөөчү универсалдык типтеги кре­диттик мекемелер. К. б. төмөнкү негизги мил­деттерди аткарат: 1) акча салымдарын кабыл алат ж-а жайгаштырат; 2) кредиттерди тар­тат ж-а берет; 3) кардарлардын ж-а банк-кор­респонденттердин тапшырмасы б-ча эсептерди ж-а аларды кассалык тейлөөнү жүргүзөт. К. б. ишке ашыруучу операциялар пассивдүү ж-а ак­тивдүү деп бөлүнөт. Пассивдүү операциялар – депозиттерди кабыл алуу– акцияларды– обли­гацияларды– башка баалуу кагаздарды сатуу жолу м-н акча ресурстарын тартуу. Активдүү операциялар – кредиттерди берүү– акцияларды ж-а баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу акча ресурстарын жайгаштыруу. К. б. кош максат­ты көздөйт: 1) кардарлар акчасын кайтарып алуу талабын канааттандыра алгыдай абалда болуу; 2) өз каражаттарын пайдалуураак чөй­рөгө салуу. Активдердин бир бөлүгү тез өтүмдүү формада сакталат. Бул активдер кардарлар ак­часын кайтарып алууга алардын бардык эле ке­чиктирилгис талаптарын К. б-дын аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзөт– бул өз кезегинде калктын К. б-га болгон ишенимин арттырат. К. б-дын активдеринин башка бөлүгү мамлекеттик баа­луу кагаздарга ж-а белгиленген проценти м-н жеке менчик корпорацияларга портфелдик ин­вестициялардан– о. эле ссудалардан пайда алуу максатында пайдаланылат. Кырг-нда бир нече К. б. («Кыргызстан», «Экоисламикбанк», «Дос­кредобанк», «Аманбанк» ж. б.) иштейт.