КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ Россия­нын курамындагы адм.-айм. бирдик. 1925-ж. 26- февралда Урал, 1935-ж. Свердлов, 1938-жылдан Пермь обл-нун курамына кирген. Кама д-нын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң км2. Калкы 146,5 миң (2003).
Адм.-айм. жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаар­чага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар ш. Приволжье федерация округуна кирет. Авто­номия округдун шайлоочулары Пермь обл-нун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан К.-П. округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь об­лусунун курамына өзгөчө адм.-айм. бирдик бо­луп кирген.
Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, о. эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жа­шайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар ж-а протестант­тар да бар. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%. Табияты калктын жашоосуна орт. жагымдуу.
Экол. абалы канааттандырарлык. Январдын орт. темп-расы –15°Сден –17°Сге чейин, июлду­ку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын 4/ бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы ө. ж-дын үлүшү 19%, а. ч-ны­кы 39,4%. Токой (ө. ж. өндүрүшүнүн 51,4%и); ө. ж. комплекси өнүккөн. О. эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) ө. ж. ишканалары иштейт. А. ч-га жарактуу жери 132 миң га, а. и. 115 миң гасы айдоо аян-


ты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүк­көн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу ай­банаттар асыралат.
Т. ж. жок. Автомобиль жолунун уз. 1690 км (а. и. асфальтталганы 335 км). Пожва ж-а Май­коп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч ж-а атайын окуу жайы, 2 ЖОЖ (а. и. Удмурт ун-тинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (а. и. край таануу) иштейт.


Ад.: Коми-Пермяцкий Автономный облус//Россия.
М., 2004; Большая Российская энциклопедия. Том 14. М., 2009.

Т. Чодураев.