КОМИНТЕРН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИНТЕ́РН , Н а з и р – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ноокен айыл окру­гуна караштуу. Бишкек – Ош автомобиль жо­лунун ж-а, Масы суусунун боюнда, деңиз деңг. 615 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 15 км батыш тарапта. Тентек- Сай т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 20 км. Калкы 3527 (2007); негизинен дыйкан ж-а фермер чар­баларында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, ФАП бар.