КОМБИНАТОРИКА
КОМБИНАТО́РИКА (лат. combin–re – биригүү) –
матем. комбинатордук анализ; 2) математиканын бир бөлүмү; мында берилген эрежелерге ылайык чектүү көптүктүн элементтерин өз ара жайгаштырууга ж-а орундаштырууга байланыштуу маселелер изилденет. К. маселелери ыктымалдык теориясына байланыштуу келип
чыккан. К-нын маселелерин чыгарууда төмөндөгү эрежелер ж-а формулалар колдонулат. О р у н д а ш т ы р у у формуласында n ар кандай элемент болсо, андан m нерсени канча жол м-н тандап алууга болот? Тандап алуу саны
Аm =n(n–1)(n–2) ... (n–m+1). Аm чоңдугу n эле-
n n
менттен m б-ча орундаштыруу саны деп аталат.
О р у н а л м а ш т ы р у у формуласында ар кандай n элементтен турган санды биринин артынан бирин канча жол м-н жайгаштырууга
болот? Жайгашуунун саны Р = 1.2.3... n!, мында (n! белги: «n факториал» деп окулат). Рn чоңдугу n элементтерден орун алмаштыруунун
саны деп аталат. Ал эми т о п т о ш т у р у уд а ар кандай n элемент болсо, мындан m элементти канча жол м-н тандап алууга болот? Тандап алуу жолу төмөнкүгө барабар
m n(n - 1)(n - 2) ... (n - m + 1)
n
1 2 3 ... m
n!
, m
m!(n - m) n
саны n элементтен m б-ча топтоштуруунун саны
деп аталат. С у м м а э р е ж е с и. Кандайдыр бир нерселердин чогуусунан А нерсеси m жолу м-н, В нерсеси n жолу м-н бөлүнүп алынса, анда А нерсесин же В нерсесин бөлүп алууга m+n мүмкүнчүлүгү болот. К ө б ө й т ү н д ү э р еж е с и: А нерсесин m жолу м-н бөлүп алууга ж-а ар бири ушундай бөлүп алуудан кийин В нерсесин n жолу м-н бөлүп алууга мүмкүн болсо, анда (А, Вны) көрсөтүлгөн тартипте бөлүп алууну mn жолу м-н ишке ашырууга болот. К-нын ыкмалары математиканын алгебра, сандар теориясы, ыктымалдык теориясы ж. б. бөлүмдөрүнө кеңири таралган.
Ад.: Харитонов Б. С., Щепелькова А. В., Суханов Г. Б. Комбинаторные задачи в вычислительной технике. Ф., 1973; Рыбников К. А. Введение в комбинаторный анализ. 2-е изд. М., 1985.