КОМАНДАЛЫК ПУНКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМАНДАЛЫК ПУНКТ – согуш майданында аскерлерди башкаруу үчүн командир туруучу жай. К. п. командачыга аскерлерди башкаруу­га ыңгайлуу, кол алдындагы командирлер, коң­шу бөлүктөр, бирикмелер ж-а жогорку штаб м-н дайыма байланыша алгыдай жерге жайгаш­тырылат. Байкоо жүргүзүүчү, сигнал берүүчү ж-а байланыш каражаттары бар транспорттор м-н жабдылат. К. п-та штабдын негизги кура­мы, аскер башчылары ж. б. болот. К. п-ту кө­чүргөндө аскерлерди башкаруу иши токтобойт.