КОЛЬЦО-ПОЛОВИНКА КВАРЦ КУМУ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЬЦО-ПОЛОВИНКА КВАРЦ КУМУ КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Кольцо-Поло­винка т. ж. бекетинин жанында, Түркстан кыр­ка тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1000 м бийикте. 1936–41- ж-а 1944-ж. изилденген. Кен аймагын бор мезгилинин алдында пайда бол­гон чөкмө тоо тектер түзөт. Кен кварц кумунун 4 катмарынан турат. Алардын астында кумду К hello


тоо теги, үстүндө чопо катмары бар. Кум 1x2, 5x3 км аянтты ээлейт. Майда, орто ж-а ири бүртүкчөлүү. Боз, ак, кызгылт, саргыч. Негизи­нен таза кварцтан туруп, бир аз талаа шпаты, слюда, чаң ж-а кенташ минералы кезигет. Кум­дун гранулометрлик курамы: 0,5 ммден кесеги 7,4%, 0,5–0,25 мм – 24,85%, 0,25–0,1 мм – 50,15%, 0,1–0,05 мм – 13,35%, 0,01 ммден май­дасы – 2,6%. Кварц куму болот, чоюн куймала­рын куюу үчүн калып, айнек жасоодо ж-а кай­рак катары пайдаланууга жарактуу. Калыптык кумдун запасы А категориясы б-ча 25 миң т,

В– 324 миң т, С 225 миң т, айнектик кум С – 1700 миң м3.