КОЛХОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛХОЗДОР , к о л л е к т и в д ү ү ч а р б а, а. ч. а р т е л и – СССРдеги жарым мамл. ири а. ч. ишканасы. Дыйкандардын эмгеги коомдош­турулуп, негизги өндүрүш каражаттары, жер мамл. менчик болуп калган. К. 1929–37-ж. кол­л ек т ив дешт ир үү пр оце с с ини н не гизи нде түзүлгөн. К-ду түзүүнүн максаты а. ч. продукция­сын өндүрүү ж-а бөлүштүрүү процессин мамл. көзөмөлгө алып, натуралдык ж-а майда товар­дык укладды коомдоштурулган а. ч. продукция­ларынын ири товардык өндүрүшү м-н алмаш­тыруу болгон. К. совхоздор м-н катар эле соц. экономиканын негизги агр. өндүрүшү болуп кала берген. 1917–29-ж. «колхоз» термини көп учур­да бардык эле коллективдүү чарбаларда – а. ч. коммунасы, жерди шериктешип иштетүү, а. ч., балык уулоо, аң-уулоо ж. б. артелдерде колдо­нулган. ВКП(б) БКнын «Коллективдештирүүнүн темпи ж-а мамлекеттин колхоз курулушуна жардам берүү чаралары жөнүндө» (1930, январь) токтомунда К-дун негизги формасы – а. ч. арте­ли таанылган. Артель эмгекти коомдоштуруу­нун ж-а өндүрүш каражаттарынын эң жогорку баскычы болуп, товардык өндүрүштүн өз ыктыя­ры м-н биригүүсүнө мүмкүндүк берген эмес. К-дун түзүлүшү м-н дыйкандын менчигинде тамы, чарба курулуштары, эмгек шаймандары, мал жандыктары калган. К-го кулактардын ка­тарына кирбеген 16дан жогорку жаштагы дый­кандар кабыл алынган. 1930-жылдын башын­да К. дыйкандардын унаа-шаймандары ж-а ма­лынын негизинде түзүлгөн ишкана катары бир айыл-кыштакты бириктирип, 400 гага жакын айдоо аянтты ээлеген. К-до эмгекти уюштуруу­нун негизги формасы узак мөөнөткө бекитилип берилген жер участкасына ж-а эң керектүү өн-


дүрүш каражаттарына ээ болгон колхозчулар коллективи – туруктуу өндүрүштүк бригада бол­гон. Жер иштетүү Машина-трактор станция­сынын (1929-ж. түзүлгөн) күчү м-н ишке ашкан. Формалдуу түрдө К-ду башкаруунун жогорку формасы болуп колхозчулардын жалпы жыйна­лышы, анда башкармалыктын төрагасы ж-а тек­шерүү комиссиясы шайланган. Иш жүзүндө бар­дык чечимдер парт. ж-а мамл. органдардын ка­туу көзөмөлүндө болгон. К-дун башкармалы­гынын башчылыгына партиянын райкомунун түздөн-түз көрсөтмөсү м-н адамдар дайындалган. К. м-н мамлекеттин өз ара мамилеси алгачкы мезгилде контрактациялык келишимдин неги­зинде түзүлгөн. Эгин тапшыруунун көлөмү мамл. пландын негизинде түзүлгөн. Мамлекет­ке а. ч. продукциясын сатуу мамлекет тарабы­нан кызуу колдоого алынган. Колхозчулар ө. ж. продукциясын сатып алуу фондусунан төмөнкү баада алышкан. Бардык мамл. план аткарыл­гандан кийин гана колхозчуларга эмгек күнгө карата кирешелер бөлүштүрүлгөн. Колхозчулар өздөрүнө керектүү азык-түлүктөрдүн басымдуу бөлүгүн көмөкчү чарбаларында өндүрүшкөн. Жеке менчиктин калыбына келүү коркунучун жоюу үчүн колхозчулардын «ашыкча» жерле­рин ар дайым кесип турган. Чектөөнүн негизги формасы салык салуу болгон. Улуу Ата Мекен­дик согуш К-го чоң сокку урган. 1941–45-ж. айдоо аянттары 20%ке кыскарган. К-до негиз­ги күч болуп аялдар ж-а өспүрүмдөр калган. Жакыр жашаган колхозчулар шаарларга кетүүгө мажбур болуп, шахтада, курулушта ж. б. иш­теген. 1953-ж. И. В. Сталин дүйнөдөн кайткан соң, а. ч. өндүрүшүндө колхозчуларды эмгекке кызыктыруу, экон. өз алдынчалыкты күчөтүү, көмөкчү чарбаларды колдоо ж. б. иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мамлекетке тапшырылуучу а. ч. азык-түлүктөрүнүн нормалары кескин кыскары­лып, мамлекет тарабынан сатып алуунун баа­сы кыйла көтөрүлгөн. 1957-ж. эт-сүт продук­циясын өндүрүүнү жогорулатуу планы киргизи­лип, 3–4 жылдын ичинде АКШны кууп жетип, ашып кетүү иш-чараларын жүргүзүү милдетте­ри а. ч-га жүктөлгөн. К. кошуп жазуу ыкмасы­на өтүп, о. эле дыйкандардын ири мүйүздүү мал­дарын мамлекет күчтөп сатып ала баштаган. 1956–60-ж. жеке дыйкан чарбаларында малдын саны кескин кыскарган. Натыйжада өлкөдөгү азык-түлүк абалы начарлап, элдик нааразычы­лыктарга ж-а толкундоолорго алып келген. 1964-ж. колхозчулар улгайганына байланыш­туу пенсияга чыгуу (эркектер 65, аялдар 60 жа­шынан) укугуна ээ болуп, 1966-жылдан ай са­йын эмгек акы ала баштаган. Колхозчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн стимулдаштыруу үчүн 1970-жылдардын аягынан мамлекет коллек­тивдүү подряд системасын киргизген. 1974-жыл­дан колхозчуларга сов. жаран катары паспорт берилген. К-го мамлекет тарабынан инвестиция­лык салымдын көлөмү тынымсыз көбөйгөн. 1966–80-ж. а. ч. продукциясынын өсүү темпи төмөндөгөн. Жыл сайын К-го жардам иретинде шаарлардан жумушчу күчү тартылган (айрык­ча түшүмдү жыйноо мезгилинде), бирок бул иш­чара колхоз түзүлүшүн кризистен алып чыга алган эмес. 1982-ж. азык-түлүк программасы кабыл алынып, агр. секторду индустриялык негизде модернизациялоо каралып, убактылуу өз жемишин берген. 1980-жылдардын 2-жары­мында масштабдуу түрдө коллективдүү, үй­бүлөлүк ж-а индивидуалдык ижаралык подряд киргизилген. 1990-жылдары а. ч. техникасына, күйүүчү майга, электр энергиясына болгон баа­лардын өсүшү м-н К. өндүргөн продукцияга баа төмөндөгөн. 1990-жылдардын башында көптө­гөн К. ж-а совхоздор акционердик коомго айла­нып, алардын бир бөлүгү жоюлуп кеткен.
Кырг-нда массалык коллективдештирүү дый­канчылык зоналардагы 6 райондо (Араван, Ба­зар-Коргон, Беловодск, Кемин, Ысык-Көл жээ­ги, Талас) жүргүзүлүп, 108 колхозго 36630 чар­баны тартуу каралган. Ар бир колхозго дыйкан­дардын 30–150 кожолугун бириктирүү көрсө­түлгөн. Колхоздоштурууга көмөк берүү комис­сиялары, к-ттери уюшулуп, артелдерди уюшту­руу б-ча саясий штабдар түзүлгөн. 1928–29-ж. респ-да 535 колхоз, 10 совхоз уюшулган. 1930-ж. Кырг-нда 81 982 чарбаны бириктирген 687 колхоз уюшулуп, дыйкандардын ж-а мал­чылардын 37,2%ин түзгөн. Кээ бир райондордо (Чүй, Кара-Балта) коллективдештирүү үч айда («аша чабуу» жолу м-н) жүргүзүлгөн.


Ад.: Венжер В. Г. Колхозный строй на современном этапе. М., 1966; Зеленин И. Е. Аграрная политика Н. С. Хрущёва и сельское хозяйство. М., 2001.

К. Алымкулов.