КОЛУМБИЯ 1
КОЛУ́МБИЯ – Канада м-н АКШдагы дарыя. Уз. 2000 км, алабынын аянты 669 миң км2. Аскалуу тоолордогу Колумбия көлүнөн башталып, Тынч океанга куят. Бул жерде уз. 75 км, аянты 412 км2 болгон эстуарий пайда болгон. Ири куймасы – Снейк (сол). Колумбия платосунан кууш өрөөн аркылуу агып, Каскад тоолорун кесип өтөт. Суусу жаз, жай мезгилдеринде тоодогу кар, мөңгүлөрдүн эришинен ташкындап, кышында тартылат. Орт. чыгымы төмөнкү агымында (Те- Далс ш. тушта) 5200 м3/сек, жылдык агымынын көлөмү 164 км3. К. гидроэнергетикалык ресурстарга бай; анда суу сактагычтар ж-а ири ГЭСтер курулган; АКШда гидроэнергетиканын 50%и К. д-ндагы ГЭСтерден өндүрүлөт. Ири ГЭС-тери: Чиф-Жозеф, Гранд-Кули, Те-Далс, Мак-Нэри ж. б. 749 км аралыкка чейин кеме каттайт; деңиз кемелери Портленд, биржалар Ричленд ш-на чейин жетет. Боюнан Уэнатчи, Ричленд, Ванкувер, Астория ш. (АКШ) орун алган. К. ж-а анын жээктери аңчылыкта, балык уулоодо, суу спорту м-н машыгууда кеңири пайдаланылат.