КОЛУМБИЯ ПЛАТОСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЛУ́МБИЯ ПЛАТОСУ – Түн. Америка Кордильерасындагы плато, АКШнын түн.-батышында. Каскад ж-а Аскалуу тоолорунун аралыгында жайгашкан. Аянты 500 миң км2. Бийикт. 700–1000 м. Плато миоцен ж-а плиоцендин базальты м-н капталып, палеозой м-н мезозойдун кристаллдык ж-а чөкмө тектеринен турат. Платонун үстү лёсс м-н капталган, күдүрлүү ж-а тегиз, түндүгү Колумбия, Снейк ж. б. дарыялардын терең (900–1500 м) каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген. Антропоген мезгилинде пайда болгон кургак каньондор (Грант- Кули) да бар. Дарыяларда шаркыратма ж-а босоголор көп, ГЭС курулган. Талаа өсүмдүктөрү ээлеген платонун басымдуу бөлүгү айдоо (буудай).